Бишкек шаарында коронавирус илдети менен ооругандардын саны 183 адамды түздү. Алардын ичинен 43 жаран жаңы конуштардын жашоочулары. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө жаңы конуштарда кырдаал кооптуу болууда. Бишкектеги 47 жаңы конуштардын ичинен 14 жаңы конушта коронавирус инфекциясы аныкталды.
Алар:
– Арча-Бешикте – 16;
– Ак-Өргөдө – 3;
– Көлмөдө – 7;
– Ак-Босогодо – 6;
– Керамическаяда – 2.
Ал эми Ак-Ордо, Кара-Жыгач, Ынтымак, Алтын-Ордо, Көк-Жар, Касым, Мурас-Ордо, Тынчтык жана Учкунда бирден учур катталган.
Суракматов белгилегендей, жаңы конуштардын жашоочулары кырдаалды өздөрү көзөмөлдөп, райондук администрациялар менен биргеликте алдын-алуу иш-чараларын жүргүзүшүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ