Menu

Азия өнүктүрүү банкы Нарын облусун ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн $32,9 млн насыяны 32 жылдык мөөнөткө берет

Бөлүшүү:

Кечээ, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасы жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында кол коюлган кредиттик макулдашууну (Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоону жана санитариясын жакшыртуу программасы) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

КР Өкмөтүнүн алдындагы Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев баяндама жасап, Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын жүзөгө ашырууга Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 32.9 млн АКШ доллары бөлүнөрүн маалымдады.

Белгилүү болгондой, Азия өнүктүрүү банкынын атайын фондунан 13.7 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант, 13.7 млн АКШ доллары насыя түрүндө алынат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 5.5 млн доллар өлчөмүндө кош каржылоо жасалып, бул каражат салыктарга жана долбоорду ишке ашырууну колдоого жумшалат.

Азия өнүктүрүү банкынын насыя берүүдөгү финансылык шарттары тууралуу сөз кылган Көкүмбек Таштаналиев: «Насыя 32 жылга, анын ичинде 8 жылга 1% жана 1.5% үстөк коюлуп, жеңилдетилген мөөнөткө берилет. Долбоорду аткаруу мөөнөтү 6 жыл», – деди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: