Menu

Бишкек шаарынын вице-мэринин атынан белгисиз адамдар ишкерлерге чалышып, аларды муктаж адамдарга жардам берүүгө чакырышууда  

Бөлүшүү:

Журналист Айсулуу Текимбаева Твиттердеги өзүнүн баракчасына, өзүн Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев деп тааныштырган белгисиз адам телефон чалып, аялуу топторго жардам берүү үчүн муниципалитетке чакырганын жазып чыкты.

Эскерте кетсек, Айсулуу Текимбаева медиа-продукция өндүрүү менен алектенген жана юридикалык жак катары каттоодон өткөн ЖЧКнын негиздөөчүсү.

Айсулуу Текимбаева билдиргендей, шаардык мэриядагылар, алар шылуундар экенин, ошондой эле вице-мэр жана анын атынан эч ким чалбаганын айткан. «Алар материалдарды УКМКга өткөрүп беребиз деп убада беришти. Мага чалган адам кыргызча сүйлөгөн. Ал эми мэриядагылар мэрдин орун басары негизинен орус тилинде сүйлөйт деп айтышты”,- деп кошумчалады ал.

Ал эми журналистке чалган номер кайсы адамга катталганын GetContact тиркемеси аркылуу билүүгө мүмкүн болгон эмес. Анткени ал номер издөө базасында катталган эмес.

Эске салсак, буга чейин дүкөнчүлөр жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аларды азык-түлүк баштыктарын чогултууга жана муктаждарга таратуу үчүн МАБга өткөрүп берүүгө мажбурлаганына нааразы болушкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: