Menu

Бишкекке Кытай ишкери Жек Ма жиберген гуманитардык жардамдын экинчи партиясы келди

Бөлүшүү:

Кечээ, 30-апрель күнү Кытайдан Бишкекке чартердик жүк каттамы менен “Алибаба” жана “Жек Ма” фонду тарабынан көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын экинчи партиясы келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Алардын айтымында, гуманитардык жардам ПЧР-тесттердин жана өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттар түрүндө келген.

Белгилей кетсек, Кытай ишкеринин берген гуманитардык жардамынын биринчи партиясы Бишкекке 10-апрелде келген.

Жек Ма өнүгүп келе жаткан 23 мамлекетте жардам берүүнү чечкен. Ошол эле учурда, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Бутан, Индия, Вьетнам жана Өзбекстанга 1,7 миллион медициналык бет кап, 165 000 тест-система, ошондой эле коргоочу кийим жана медициналык шаймандар: механикалык вентиляторлор жана термометрлер бөлүнгөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: