“Депутат Каныбек Иманалиев өлкөнүн кандай жашап жаткандыгына жана эмнелерди өндүрүп жаткандыгына көбүрөөк көңүл бурушу керек”, – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин пресс-катчысы Адилет Султаналиев, депутаттын бүгүн парламентте сүйлөгөн сөзүнө комментарий берип жатып.
«Депутат өз өлкөсүнүн экономикасынын түзүмүнө караганда коңшу Казакстандын экономикасын же чет өлкөлүк кесиптештеринин мыйзамдарын жакшыраак билсе керек. Балким, ал өз өлкөсүнүн кандай жашап жаткандыгына жана эмнелерди өндүргөнүнө көбүрөөк көңүл бурушу керектир. Бүгүнкү күндөн тартып, инструменттерди жасоочу “Дастан” заводу, “Джунда” мунайды кайра иштетүүчү заводу, нефть жана газ тармагынын баардык комплексин аткарган “Кыргызнефтегаз”, “Автомаш-Радиатор” машина куруу заводу жана Бишкек машина куруу заводу, эң ири Майлуу-Суу чырак заводунун жана бир катар ишканалардын ишине уруксат берилген. Ушундай объекттер, алардын жамааттары жана өндүрүштүк ишмердүүлүгү Нарын дарыясындагы мифтик крокодилдер эмес, алар чындыгында бар жана иштешет, жарандарды жумуш жана киреше менен камсыз кылышат”,- деди өкмөт башчынын маалымат катчысы.
Эскерте кетсек, кечээ, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат өкмөттү чечим даярдоодо этият болбой жатканы үчүн айыптаган.
“Жарлыктын биринчи пунктунда химия жана мунай-газ өнөр жайы, машина куруу, прибор жасоо иши башталат деп жаздыңыздар. Кыргызстанда машина куруу, прибор жасоо тармагы барбы? Жок дегенде, жарлыкты Казакстандын өкмөтүнүн жарлыгынан көчүрүп алганыңарды жашырыш керек болчу”,- деген Каныбек Иманалиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ