Menu

Ноокенде “Кыргызнефтегаздын” чийки мунайын урдоого шектелген жаран милиция тарабынан кыйноого алынгандыгын айтып даттанууда

Бөлүшүү:

“Кыргызнефтегаздын” чийки мунайын уурдаган деп шектелген жаран Ноокен районунун милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолор болгонун айтып даттанууда. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун Жалал-Абад облусундагы өкүлү Алишер Эрматов журналисттерге билдирди.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборуна шектүү А.Ю.нын адвокаты кайрылган. Анын айтымы боюнча, аны 23-апрелде кармашып, бир сутка кабинетте кыйнашып, ал эми протоколду 24-апрелде түзүшкөн.

“Аны текшергенде, чындыгында эрини айрылгандыгы аныкталган, бирок денесинде эч кандай жаракат болгон эмес.  Кийинчерээк А.Ю.нын айтымында, кыйноого алынгандыгы жөнүндө айткандыгы үчүн милиция аны дагы бир жолу сабаган. Убактылуу кармоочу жайында бир жума кармалган. Ага кайрадан барганда, Ю.А.нын бөйрөк тарабында көкалалар көрүнгөн. Учурда шектүүнү үй камагына чыгарылды. Биз прокуратурага кайрылдык, андан кийин материалдар УКМКга жиберилди” – деген Алишер Эрматов.

Эскерте кетсек, мунай уурдоо фактысы боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокурорунун орун басары Нурбек Тургунбаевдин бир тууганы Кубанычбек айыпталуучу катары өтүп жатат. Анын үйүнүн короосунан 30 тоннага жакын чийки мунай табылган. Ал боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ю.А.нын айтымында, алар Момбеков айыл аймагындагы Тоскоол-Ата токой чарбасынын аймагында жайгашкан «Кыргызнефтегаз» ААКнын № 82 май куюучу майынан уурдап кетишкен. Момбеков айылынын тургуну Т.К. уурдалган мунайды каучук челектерге куюп, “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү машинасы менен уурдашкан. Уурдалган мунайды Т.К.нын 41 жаштагы инисинин Т.Н. үйүнүн короосунда сакташкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: