Menu

Медициналык кызматкерлерге төлөнүүчү кенемтенин суммасы кандайча эсептелет?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-майда КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов коронавирус инфекциясы жайылган очокторго иштеген медициналык кызматкерлерге төлөнүүчү кенемте тууралуу маалымат берди.

Анын айтымы боюнча, март айында 6036 медициналык кызматкерлерге 34 миллион 963 миң сом төлөнүп берилген.

“Казармалык тартипте иштеген дарыгерлерге күнүнө 2300 сомдон кошумча төлөнөт. Орто медперсоналга 2000 сомдон, ал эми кенже персоналга күнүнө 1800 сомдон чегерилет. Иштеген мөөнөттөн кийин ал адамдар сөзсүз түрдө обсервация жаткырылат. Обсервацияда жатканда ар бир күнгө 900 сомдон төлөнөт” – дейт Мирлан Атакулов.

Ал эми келип-кетип иштеген медициналык кызматкерлерге ар бир иштеген саатына акча чегерилет. Коронавирус жайылган очокто бир саат иштеген дарыгерлер үчүн 100 сом, орто медперсонал үчүн 90 сом, кенже персоналга 80 сомдон эсептелет.

Ал эми тез жардам кызматында иштеген кызматкерлер үчүн, ооруган адамды ооруканага жеткирген сайын, дарыгерлер үчүн – 600 сом, орто медперсанол үчүн – 500 сом, кенже жана техникалык персонал үчүн – 400 сом.

“Ар бир кызматкердин кошумча төлөмдөрдүн суммасы ар кандай болушу мүмкүн. Ал кызматкерлердин коронавирус жайылган очоктордо иштеген мөөнөтүнө жараша болот” – деп белгиледи Мирлан Атакулов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: