Menu

Дастан Абиков, АКШдагы кыргыз мигранты: “Азырынча 20 күндө 27000$ таза киреше тапкан ийгиликке жетиштим, эми бир жылда – $1 миллион табууну максат кылып койдум”

Бөлүшүү:

Кыргызстанда курулуш бизнеси менен ийгиликтүү алектенген жаш мекендешибиз Дастан Абиков АКШнын Калифорния штатына көчүп кеткенин, өзүнүн ал жердеги бир жылдагы ийгиликтерин, эмне себептен көчүп кеткенин, жетишкендиктерин жана алдына кандай максаттарды койгонун баяндап берди:

Кыргызстандан Калифорнияга көчүп кеттим.

Бир жылдай социалдык тармактардан көрүнгөн жокмун.  Мени эстеп,  кат жазып тургандарга ыраазычылыгымды билдирем. Бул аралыкта мен өзүмдү сынап көрөйүн деп батыш цивилизациясынын борборуна көчүп келдим. Бишкектеги өзүмдүн ийгиликтериме канааттанам, эми жердин бул кыйырынан кандай ийгиликтерге жетишем, өзүмдүн ким экенимди кантип далилдеп көрсөтөм , мага мына ушулар кызык, мына ушул ойлор шаштырып жатат.

Кыргызстандан Америкага көчүп кетүүгө себептер жетиштүү эле:
Биринчиден, билимим менен кругозорумду кеңейтким келди. Бул жерде дүйнөнүн мыкты университеттери жайгашкан, дүйнөлүк тренддер, жаңы бизнес-моделдер, жана революциялык технологиялар калыптанат,  анан аларды бүт дүйнө үйрөнүп кабыл алат.  Бүт ааламдык санариптешүүдөн улам  жыл сайын миллиарддаган доллардык жаңы рыноктор пайда болот.
Экинчиден, мен Бишкекте акыркы 4 жылда иштеп келген курулуш тармагынан азыр чоң келечекти көрбөй турам. Курулуш рыногу чакан, экономикабыз стагнацияда, мыйзамдын үстөмдүгүн жана инвестициялык-ишкердик климатты жакшыртуу үчүн пайдаланылбаган чоң потенциал бар.

Жасаган эмгегиңдин акыбети бийик натыйжаларга алып келе турган инфраструктурада бизнес менен шугулданууну чечтим. Бул жерде бардык экосистема  ушуга ылайыкташтырып курулган. Бул жерде дүйнө компанияларынын ичинен эң мыкты пайда тапкандар (EXIT).  Мен азыр иштеп жаткан долбоордун рыногунун  көлөмү  –  $400 млрд, ал эми Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) – $7,565 млрд.
Үчүнчүдөн, биздин өлкөдөгү  саясаттан толук көңүлүм калды, президент, парламент, өкмөттүн жакшы иш-аракеттерин көрө албадым.
Төртүнчүдөн,  бир учурда мен бир нерсеге түшүндүм:  адамзатынын бардык улуу жетишкендиктерин мага окшогон эле адамдар жасашкан. Мен да ошолордой боло алам деген ишеним пайда болду. Ири корпорация куруп, миллиондогон көчөттөрдү олтургузуп, дүйнөнү өзгөртө алам. Албетте бул жөн гана ишеним, бирок мен ушуну тандадым.
Анын үстүнө мен курулуш бизнесине кайсы убакта болсо да кайрылып келүүгө үлгүрөм, анткени жетиштүү деңгээлде тажрыйбам бар, ал эми чет өлкөдө өзүңдү сынап көрүүгө мүмкүндүк күндө эле келе бербейт. Азырынча 20 күндүн ичинде максималдуу 27000$ таза киреше таба алдым. Алдыма жакынкы бир жылда – $1 миллион табыш керек милдет койдум. Үч план түздүм, бирок азыр коронавирус бир аз өзгөртүүлөрдү киргизди.  Ошентсе да мендеги ишкердик дух дагы эле оргуштап турат, мен азыр ошол долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатам. Көрөбүз, эмне менен бүтөрүн.

Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: