Menu

Жол коопсуздугу кызматы: Уруксат берилбеген жарандарга Бишкекте жүрүүгө тыюу салынган, ким бул эрежени бузса 3000 сом айыппул салынат

Бөлүшүү:

ЖКККББ: Бишкек шаар ичиндеги кыймыл аракетке дагы деле болсо чектөө бар, жумуш иштеген жарандар үй-жумуш, жумуш-үй маршрутунда, атайын жумуш ордунан алынган маалым каттын негизинде жүрө алышат. Бул тек кана Бишкек шаарынын комендантурасы бекиткен тизмеге дал келген жарандар.

Бишкек шаардык комендантура 30-апрель күнү “Өзгөчө кырдаалдар учурундагы экономикалык абалга өзгөртүү киргизүү” жөнүндөгү Буйругун бекиткен. Бул буйрукта төмөнкү транспорттук каражаттардын иш алып баруусуна уруксаат берилет:

-Уруксаат кагаздары бар жүргүнчү ташуучу автобустарды пайдаланууда,  жүргүнчү орундарынан 60-70 % ашык эмес адам толтуруу;

-Такси кызматында иш алып баруучу трранспорт каражаттарына: 2ден көп эмес жүргүнчү жана бир жаш балага уруксаат берилет.

Медициналык мекемелерге шашылыш барчу, же азык-түлүк дүкөндөрүнө барууга. Мындан тышкаары жүрүп жаткан транспорттук каражаттар 2020-жылдын 30-мартында кабыл алынган Бишкек шаардык комендантурасынын “Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кошумча чектөөлөр боюнча” №15 Буйругуна ылайык текшерүүгө алынат.

Бул буйрукта 2020-жылдын 26-мартындагы Бишкек шаарынын коменданты тарабынан бекитилген №6 буйругуна ылайык тармактардын тизмесине кирген уюмдар үчүн иштеген жеринен маалымдамасы болсо, жашаган жеринен иш ордунан жана кайра кайтып баруудан тышкары, шаарды айланып жүрүүгө тыюу салынат.

Уруксат берилген мекемелердин тизмесине кирбеген тармактардагы бардык уюмдар жана ишканалар өзгөчө кырдаалдын чектөөлөрүнө баш ийүү менен өз ишин алыстан   онлайн режиминде улантууга тийиш.

Эскерте кетсек, иштеген жеринен берилүүчү маалым кат  расмий бланкта болушу керек, анда уюмдун аталышы, ЖСН, толук аты-жөнү жана уюмдун жетекчисинин, кадрлар бөлүмүнүн кызматкеринин  телефон номерлери менен тастыкталуусу керек.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖККББ дагы бир жолу эскертет: Бишкек шаарынын комендантурасы  жана Бишкек ШИИББнин ККББнын кызматкерлери  жогорудагы буйруктарынын талаптарын бузгандыгы үчүн, транспорт каражаттарынын айдоочуларына карата Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин 293-беренесине ылайык, жоопкерчилиги каралган. Буга ылайык  экинчи категория менен (3000 сом) айып каралган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, баардык жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежелерин жана учурдагы абалга байланыштуу, талап кылынган эрежелерди сактоого чакырат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: