Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева Казакстан парламентинде сенаттын спикери кызматынан кетти.
Бул маалымат ишемби күнү президент Касым-Жомарт Токаевдин расмий сайтында кыскача жарыяланган.
Дарига Назарбаева 2016-жылы 13-чакырылыштагы парламент сенатынын депутаты болгон. Ал эми 2019-жылдын 20-мартынан бери Казакстан парламентинде сенаттын спикери кызматын ээлеп келген.
Казакстандын конституциясына ылайык, парламенттин жогорку палатасынын спикери, мамлекет башчы кызматтан кетсе же каза болгон учурда президенттин ыйгарым укуктарын аткарат.
Мурдагы президент Назарбаев мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткенине карабастан, олуттуу саясий таасирин сактап, Коопсуздук Кеңешин жана башкаруучу “Нур Отан” партиясын жетектейт. Ага «Элбасы» улуттук наамы берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ