Menu

Ибраим Нуракун уулу: “Премьер-министрдин маалымат катчысы Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевди кемсинткени өкүнүчтүү”

Бөлүшүү:

Кечээ күнү Өкмөт башчыбыздын маалымат катчысынын жасаган билдирүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевди кемсинткен сөздөрдүн кошулуп кетиши өкүнүчтүү. “Нарын дарыясындагы крокодил” деген мүнөздөмө эл өкүлү менен өкмөттүн ортосундагы азыркы дискуссияга эч кандай байланышы жок. Депутат 30-апрелдеги жыйында өкмөттөн өзү даярдаган токтом долбоорундагы айрым бир кемчиликтерге көңүл бурууну талап кылган. Өкмөттү түздөн-түз бекиткен бийлик бутагы катары эл өкүлдөрү ар дайым бул сыяктуу сындарды айтып келген жана мындан кийин да айта бермекчи. Жогорку Кеңештин депутатына Премьер-министр токтомдо айтылган тармактардын тизмесин тактап беребиз деп жыйын учурунда сылык гана формада жооп берген эле. Бирок эртеси күнү өкмөт башчынын расмий өкүлү тарабынан депутатты – эл өкүлүн келекелөөгө жол берилгени биз үчүн түшүнүксүз. Бул жагдайга байланыштуу тиешелүү кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат же кур дегенде кечирим сурайт деп үмүттөнөбүз.

Урматтоо менен Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: