Ким Чен Ын бул салтанаттуу иш-чарага карындашы менен келген. Белгилей кетсек, батыш маалымат каражаттары Ким Чен Ынды эрте эле өлдү деп, анын ордуна карындашы Ким Ё Чжон даярдалып жатканын жазып чыгышкан.
Кызыгы, АКШнын президенти Дональд Трамп Ким Чен Ындын коомдун алдына чыккандыгы тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан.
«Мен бул жөнүндө түшүндүрмө берген жокмун. Биз бул жөнүндө өз маалында айта турган сөзүбүз бар”,- деген америкалык лидердин сөзүн Reuters билдирди.
Андан мурдараак, анын Түндүк Кореядагы кесиптешинин абалы жөнүндө билеби же жокпу деген суроого, Трамп: “Мен баарын билем”, – деп, бирок ачык айткандан качкан. Башкача айтканда, АКШнын чалгындоо кызматы бул маселе боюнча президентке кабарлаган эмес деп болжолдоого болот. Эске салсак, буга чейин ал Ким Чен Ындын кайда экенин жана ага эмне болгонун билүүгө убада берген.
Буга чейин ЖМКларда Ким Чен Ындын катуу ооруп жаткандыгы, ошондой эле анын өлүмү тууралуу көптөгөн имиштер чыккан. Ал көп күндөн бери эл алдына чыга элек болчу. Ким Чен Ын өзүнүн башкаруусунда биринчи жолу чоң атасы, КЭДР негиздөөчүсү Ким Ир Сендин туулган күнүн майрамдоого катышкан эмес. Ошентип, Ким Чен Ындын табышмактуу жоголуп кетиши анын катуу ооруп же өлүп калганы жөнүндө ушак-айыңдарды жаратты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ