Menu

3-майга карата Саламаттык сактоо министрлигинин линиясы боюнча келип түшкөн гуманитардык жардамдар

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин линиясы боюнча чет элдик жана атамекендик уюмдардан медициналык каражаттар түрүндө гуманитардык жардамдар келип түшүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин разнарядкасына ылайык, ар кыл каналдардан келип түшкөн гуманитардык жардам күн сайын аймактардын муктаждыктарына карата республика боюнча бөлүнүп турат. Негизги басым COVID-19 дартына көбүрөөк чалдыккан аймактарга жасалууда.

Комплекттер коргоочу костюмдардан, медициналык беткаптардан, жасалма дем алдыруучу аппараттардан (ИВЛ), экспресс-тесттерден жана COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө зарыл болгон башка медициналык каражаттардан турат.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 27-апрелине карата гуманитардык жардам катары 85 000 медициналык беткап келип түшсө, бүгүнкү күндө алар толугу менен таркатылып берилген. Мындан тышкары, 170 коргоочу костюм келип түшүп, алар дагы өлкөнүн медициналык мекемелерине берилген.

Ошондой эле 20 000 даана колкаптар таркатылган. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын  алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине жана Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна өлкөдөгү вирусологиялык лабораторияларды камсыздоо үчүн 20 000 даана экспресс-тесттер берилген.

Келип түшкөн гуманитардык жардамдар блок-постторго, обсервацияларга, клиникалык жугуштуу оорулар ооруканаларына, ошондой эле медициналык каражаттар базасында жугуштуу оорулуулар үчүн жаңы орундар ачылып жаткан мекемелерге да бөлүштүрүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: