Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетин жуктурган 11 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан- 7 адам;
– Нарын облусунан- 4 адам.
Учурда республикада коронавирус илдетинен айыккандардын саны 575 адамга жетти.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ