28-апрелде Екатеринбург – Бишкек чартердик каттамы менен учуп келген 157 кыргызстандыктын ичинен бир адамдан коронавирус аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, Жалал-Абад шаарынын тургунунан COVID-19 диагнозу аныкталган. Кийинчерээк ал жаран оорудан улам каз болгон.
“Бардык жүргүнчүлөрдөн биринчи жолку ПЧР анализдери алынган. Коронавирус аныкталган жаран менен байланышта болгон 6 адам аныкталган. Андан сырткары, саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, алар ПЧР анализди экинчи жолу тапшырышат” – деп билдирди Айнура Акматова.
Белгилей кетсек, 2-майда Бишкектеги инфекциялык ооруканада Жалал-Абаддын 69 жаштагы тургуну коронавирустан каза болгон.
Кыргызстанда жалпысынан коронавирустун 830 учуру аныкталган, алардын ичинен 216 учуру дарыгерлер. Он адам оорудан улам каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ