11-майдан тарта Бишкекте өзгөчө абал режими жоюлса, шаардын мэриясы автоунаалардын жана адамдардын борборго келүүсүнө чектөөлөрдү киргизүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, жарандар күзөтчүлөргө уруксат кагазынан тышкары экспресс-тесттен жене ПЧР-тесттен өткөндүгүн далилдеген маалымдамасын дагы көрсөтүш керек.
“Мындан тышкары, биз Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы менен биргеликте автоунаалардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын чектөө үчүн ички санитардык постторду орнотуу маселесин карап жатабыз. Бишкек шаардык мэриясы конуштарда карантиндик чараларды күчөтөт. Мындан тышкары, зарыл болгон учурда райондук администрация ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте санитардык постторду түзүп, инфекция жуккан жана байланышкан адамдар табылган бардык очокторду текшерип чыгат. Бишкекке келгендерди жана байланышта болгон адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө” – деп билдирди Татьяна Кузнецова.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ