Бүгүн, 4-майда Чүй облусунун Александровка айылында цистернасы менен оор жүк ташуучу унаа жана жеңил автоунаа сүзүштү. Каргашалуу жол кырсыгынын видеосу социалдык тармактарда тарады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ооруканага 4 адам, анын ичинде 1 айлык ымыркай жеткирилген. Ымыркайдын буту сынып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми жубайлар жана 10 жашар кыз текшерүүдөн өтүшкөн, алар оор жаракат алган эмес.
Чүй ОИИББдин ЖКККБнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кырсык бүгүн болжол менен саат 12:00дө болгон.
“Газ-53” үлгүсүндөгү автоунаанын 26 жаштагы айдоочусу чыгыштан батышкы көздөй бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып кетип, “Daewoo Nubira” жеңил автоунаасы менен сүзүшкөн.
Натыйжада Daewoo Nubira унаасынын айдоочусу, 1987-жылы туулган жана үч жүргүнчү Москва облусунун аймактык ооруканасына жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ