Украин саясатчысы, “Батькивщина” партиясынын жана фракциясынын лидери Юлия Тимошенко саясий куугунтуктан тарткан чыгымдары үчүн компенсация алып, миллионер болду.
Коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча улуттук агенттиктин сайтындагы декларацияга ылайык, 24-апрелде Тимошенкого 148 миллион гривен (5,5 миллион доллар) өлчөмүндө киреше түшкөн. Кирешенин булагы “2011-2014-жылдардагы саясий репрессиядан тарткан зыяндын компенсациясы” экени көрсөтүлгөн. Саясатчы каражатка сотко чейинки териштирүү баскычында ээ болгон. Акчаны АКШнын Техас штатында катталган Reid, Collins, Tsai LPP компаниясы которгон.
Юлия Тимошенко 2011-жылы президент Виктор Януковичтин тушунда Орусия менен газ келишимин түзүүдө кызматын кыянат пайдаланууга айыпталып, жети жылга абакка кесилген. Мындан тышкары “Нафтогазга” бир жарым миллиард гривен төлөп берүүгө милдеттендирилген. Ал 2014-жылы өкмөткө каршы нааразылыктардан кийин бошотулган.
АКШ жана Евробиримдик Тимошенко саясий куугунтукка кабылганын билдирген. 2013-жылы Адам укуктары боюнча Европа соту кылмыш ишин кароодо мыйзам бузууларга жол берилгени жөнүндө токтом чыгарган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ