Menu

Кыргызстан: үй карантинин бузган 45 киши жоопко тартылды

Бөлүшүү:

Өлкөдө жалпысынан 45 адам карантин эрежелерин бузганы үчүн жоопко тартылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын ичинен Жазык кодексинин 280-беренеси («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») менен сегиз киши, 281-беренеси («Адамдар үчүн коркунуч жараткан жагдайлар тууралуу маалыматты жашыруу же бурмалоо») менен бир киши жоопкерчиликке тартылган. Бул беренелерди бузган жарандар 260 000 сомдон 300 000 сомго чейин айып төлөп же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесине («Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу») ылайык 11 киши, 119-берене («Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режиминин талаптарын бузуу») менен эки адам жоопко тартылууда. Алар боюнча материалдар сотко жөнөтүлгөн.

Ал эми Тартип бузуу жөнүндө кодекстин 293-беренесине («Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу») ылайык, 23 киши үч миң сомдон айыпка жыгылды.

Жалпы республика боюнча обочолонуу режимине (үй карантинине) бардыгы болуп 83 638 адам алынган, учурда алардын 28 592и үй карантининде, 55 046 адам карантинден чыкты. Өкмөт айрым жарандар обочолонуу режимин бузуп, башка адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын маалымдады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: