Бишкек шаарындагы Ленин районунун 82 тургунунан коронавирус аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Ленин районунун акими Токтосун Султанов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, катталган 82 учурдун ичинен алтоо сырттан алынып келинген, ал эми калган 76 учур оорулуулар менен байланышта болгон адамдардан аныкталган.
“Коронавирус менен ооруган бейтаптар менен тыгыз байланышта (1-категория) болгондордун саны – 223. Анын ичинен 62 адам байкоодон алынган” – деп билдирди Токтосун Султанов.
Ал ошондой эле, Бишкек шаарында жалпысынан 8 обсервация бар экенин, анын бешөө Ленин районунда жайгашканын билдирди.
“Алар: “Гарден” мейманканасы, “Ак Кеме” мейманканасы, “Манас” университетинин жатаканасы, Интергельпо көчөсүндөгү жатакана жана Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборундагы жатакана” – деп кошумчалады Ленин районун акими Токтосун Султанов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ