Бүгүнкү күндө стационарда 245 бейтап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
“Алардын ичинен 7 бейтаптын абалы оор, төртөө жандандыруу бөлүмдөрүндө жатат. Канаттандырарлык абалда 178 бейтап, 60 бейтап орточо оор абалда жатат” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 871 учуру аныкталган. Анын ичинен 614 адам оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. 12 жаран коронавирустан улам каза болгон.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ