Menu

ЖАМК Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана оруктун катышуучуларына белектерди таратты

Бөлүшүү:

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана оруктун катышуучуларына азык-түлүктөрдү жана гигиеналык буюмдарды таратышы. ЖАМКнын төрагасынын орун басары, ички кызматтын полковниги Айбас Кадыров, ЖАМКнын ардагерлер  кеңешинин төрагасы Алибай Нишанбаев ардагерлердин үйүндө болушуп, Крупин Юрий Борисович, Мадраимова Надежда Ивановна, Джабдат Ялышев, Рая Осмонованы келе жаткан Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, бекем ден-соолук каалашты.

Ардагерлердин улуусу Юрий Крупин 96 жашта экен. Азыр да ден-соолугу чымыр ардагер учурда Октябрь райондук ардагерлер кеңешин жетектейт. Ал энеси менен 15 жашында украиналык Никополь шаарын немистер курчоого алган кезде качып чыккан. Алардын колоннасы душмандын учактары тарабынан атылганына карабай Кудайдын буйругу менен тирүү калып, энеси менен Ферганага келишкен, ал жерде мурда эвакуацияланган туугандары болгон.

Ал 1944-жылы майданга даярдалып жаткан резервдик жөө аскер полкуна дайындалган. Согушта көбүнчөсү Кавказда аскердик авиацияда кызмат кылган. Кийин Фрунзе шаарына жөнөтүлүп, 1945-жылга чейин самолёттордун радиоинженериясы боюнча билим алган.

Согуштан кийин Юрий Борисович Фрунзе шаарында жашап калган. Азыр атайын сыйлыктардын катарына “Кавказды коргогону үчүн”, “Аскердик сиңирген эмгеги үчүн”, “Германияны жеңгендиги үчүн” ордени, Аскердик сиңирген эмгеги үчүн жана Жуков медалы менен сыйланган. Согуштан кийин ал армияда калып, 28 жыл кызмат өтөгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: