Menu

Казакстанда мажилис «парламенттик оппозиция» жөнүндө мыйзам жобосун кабыл алды

Бөлүшүү:

Казакстан парламентинин мажилиси шаршембиде «Казакстан парламенти жана анын депуттарынын макамы жөнүндө» мыйзамга «парламенттик оппозиция» жана «парламенттик көпчүлүк» деген түшүнүктөрдү киргизүүнү колдоду.

«Парламенттик оппозиция» жобосуна ылайык, парламенттик оппозициянын депутаттары туруктуу комитеттердин биринин төрагалыгына жана эки комитеттин катчылыгына шайлана алат.

Башкаруучу партияга кирбеген депутаттар парламенттик угууларды жана өкмөттүк сааттарды өткөрүүнү демилгелеп, фракция лидерлери палаталардын биргелешкен жыйындарында сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Өткөн айдын аягында мажилис шайлоо жана саясий партиялар жөнүндө мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, азыркыдай 40 миң эмес, 20 миң мүчөсү бар партияларды каттоодон өткөрүүгө уруксат берилген. Аялдар жана жаштар үчүн 30 пайыздык квота киргизилген.

Мыйзам долбоорлору парламенттин жогорку палатасына жөнөтүлдү. Регламент боюнча сенат документти колдосо, ал кол коюу үчүн президентке жөнөтүлөт.

Казакстанда азыр иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык, 40 миң мүчөсү бар, анын ичинде бардык облустарда, республикалык маанидеги шаарларда жана борбор калаада 600дөн кем эмес өкүлгө ээ саясий партиялар гана каттоодон өтө алат. Арыз тапшыруунун алдында миңден кем эмес делегаттын катышуусунда курултай өтүшү зарыл.

Казакстанда расмий түрдө алты партия каттоодон өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: