Menu

Акрам Мадумаров кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр эмне себептен чыкканын айтты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев 1-майда Өзбекстандын Сох анклавындагы жайлоо талашка түшкөндүктөн чек арачылар тарабынан асманга ок атылганы, кошуна тараптын эли чогулуп, нааразы болгону ММКларда жарыяланып жатканын айтып, вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдон бул тууралуу толук маалымат берип коюуну суранды.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров бул маалыматты тастыктады. Анын айтымы боюнча окуя Сох району менен Кадамжай районунун чектешкен аймакта болгон.

“Сох районунун тургундары биздин жайытка чыккан. Өзүңөр билгендей, эл аралык келишимдерге ылайык өзбек тарап бидин жайыттарды пайдалануудан баш тарткан. Бүгүнкү күндө келишим жок. Ошого байланыштуу биздин чек ара кызматкерлери талап коюп, кайра кайтууну талап кылганда, алар макул болбой биздин чек ара кызматкерлерин таш менен урганда, аларды артка кайтаруу максатында асманга ок атышкан. Ошондон кийин алар өздөрүнүн аймагына кирип кетишти. Жеринде аскер кызматкерлери жана чек ара кызматкерлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп, бүгүнкү күндө ал жердеги абал турукташты” – деп билдирди Акрам Мадумаров.

“Мындай маселе башка аймактарда дагы жаралышы мүмкүн. Бул үчүн кошуналар менен жайытты пайдалануу маселеси боюнча ишти жүргүзүшүбүз керек. Биз тараптан тиешелүү каттар кошуна Тажикстан жана Өзбекстанга жиберилген. Бүгүнкү күнгө чейин жооп жок. Ошого байланыштуу биз мыйзам чегинде чек араны кайтарып жатабыз” – деп кошумчалады вице-премьер-министр.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: