Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан гематология бөлүмүндө массалык түрдө коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Элвира Сурабалдиева Твиттердеги баракчасына бүгүн, 6-майда жазып чыкты.
“Коронавирус бир нече врачка жана балдарга жугуптур. Бүгүн ал жакка комиссия жиберилди, иликтөөнүн жыйынтыктары эртең айтылат деп ойлойм” – дейт депутат айым.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат эртең, 7-майда боло турган брифингде айтыла турганын билдиришкен.
В филиале Джальской детской больницы, что за минздравом, согласно инф от медиков, выявлен массовый случай заражения КВ. Закрыть должны. Кошмар.
— Эльвира Сурабалдиева (@ElviraSur) May 6, 2020
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ