Menu

Подмосковье: өрт өзбекстандык алты жарандын өмүрүн алды

Бөлүшүү:

Орусиянын Подмосковье аймагынын Раменский районундагы жер тамдардын биринен өрт чыгып, алты адам мерт болду. Расмий маалыматтарга караганда, үч эркек жана үч аял тең Өзбекстан жарандары болгон.

Орусия Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва облустук башкармалыгы өрт 5-майда саат таңкы төрттө чыгып, кечки саат алтыда өчүрүлгөнүн маалымдады.

Орусия Тергөө комитети Кылмыш кодексинин “Эки жана андан көп кишини атайлап өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Баштапкы маалыматтарга караганда, бул үйдө 26 киши жашаган, баары тең башка өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары болгон. Өрттүн себептери тактала элек.

Соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды. Өлгөндөрдүн тек жайын аныктоо иштери жүрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: