Menu

Фото – Соль-Илецк шаарындагы 541 кыргызстандык мекенине кайтып келди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-майда Россиянын Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарындагы кыргызстандыктар мекенине кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, 541 кыргызстандыктын кайтып келиши казак тарап менен жетишилген макулдашуулардын  алкагында ишке ашырылган.

Белгиленгендей, казак тарап киргизген чектөөлөрүнөн улам кыргызстандыктарга өз унаалары менен Казакстандын аймагынан өтүүгө уруксат берилген эмес. Алар жол полициясынын коштоосунда атайын жүргүнчү ташуучу унаа менен кайтып келишти. Кайтып келген бардык жарандар обсервацияга жаткырылат.

ТИМ Казакстандын аймагында өзгөчө абал режими алына электигин жана чет өлкөлүк жарандардын чек арадын өтүүсүнө тыюу салынганын эскертет.

“Кээ бир чагымчыл адамдардын провокацияларына алдырбаңыз, ультиматум талаптарын берүүдөн алыс болуңуз, сабырдуулукту жана коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар убактылуу мүнөзгө ээ экендигин жана биринчи кезекте өмүрүңүздү жана ден-соолугуңузду сактоого багытталгандыгын түшүнүңүз” – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Соль-Илецк шаарынан 519 кыргызстандык 9 автобус менен мекенге кайтып келе жатканы, бирок унааларын таштап кетүүдөн баш тарткан 70 адам калып калганы айтылган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: