Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 3 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ооруну жуктургандар:
– Бишкек шаарынан – 1 адам;
– Чүй облусунан – 1 адам;
– Жалал-Абад облусунан – 1 адам.
Өлкөдө жалпы 224 медицина кызматкерлери коронавирус илдетин жуктурган болсо, алардын ичинен 161 медициналык кызматкерлер айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ