Menu

Нурболот Үсөнбаев: “Азыркы учурда Бишкектеги №14 эмканада эпидемиологиялык иликтөөлөр жүрүп жатат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-майда өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев суроолорго жооп берди.

Анда ага “№14 эмкананын дарыгери жана анын үй-бүлөсү коронавирус илдетин жуктуруп алыптыр деген маалыматтар чыгып жатат. Бул канчалык деңгээлде чындыкка дал келет?”,- деген суроо берилди.

“№14 эмканада азыркы учурда эпидемиологиялык иликтөөлөр жүрүп жатат. Кандай шартта ооруну жуктуруп алгандыгы жөнүндө териштирүү иштери жүрүүдө. Мындан ары дагы таркап кетпеши үчүн баарын көзөмөлгө алып жатабыз. Кечээ күнү Бишкек шаарындагы ооруканалардын жетекчилерин чогултуп, пикир алмашууларды жүргүздүк. Мындан тышкары атайын топторду түзүп, ооруканаларды дагы бир сыйра карап, анын ичинде туура эмес шарттар болсо алардын баарын алып чыгып, тийиштүү чараларды көрүүгө аракет кылдык”,- деди Үсөнбаев.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: