Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда эпидемиологиялык кырдаал курчуп баратат. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк-онлайн брифингде билдирди.
“Чаткалга маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Бишкектен дагы адамдар барышкан экен. Алардын ичинде коронавирус менен ооругандар дагы бар болгон. Алар тажыяга катышып, башкаларга вирусту жуктурган. Жалпысынан 13 адамдан коронавирус табылган. Акыркы сапар зыйнатына катышкан бардык адамдардын аты-жөнү, дареги такталып, толугу менен көзөмөлгө алынды” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Чаткал районунда коронавирустун 16 учуру катталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ