Menu

Видео – Азиз Оморкулов, «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы: “Жарандардын насыясын төлөө мөөнөтү 3 айдан 6 айга чейин узартылды”

Бөлүшүү:

Жарандардын насыясын төлөө мөөнөтү 3 айдан 6 айга чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда өкмөттүк онлайн-брифингде “РСК Банк” ААК башкармалыгынын төрагасы Азиз Оморкулов билдирди.

“Азыркы кезде “РСК Банк” ачык акционердик коомунда 52 филиал бар, 133 бөлүм иштейт. Ошондой эле 236 банкомат, 1168 ПОС-терминал бар. Өзгөчө абал учурунда дагы банк өз ишмердигин токтоткон жок. Миңден ашык банк кызматкерлери элге тынымсыз тейлөө көрсөтүп жатышат. Ал эми насыялар боюнча азыркы кезде бизге 4 миллиард сомдон ашык суммага кайрылуу келип түштү. Булардын шарттарын ыңгайлатып, төлөө мөөнөттөрүн узартып беришибизди суранышты. Бул сумманын 3 миллиарды банк тарабынан каралып чыгып, ыңгайлуу шарттар түзүлүп, 3 айдан 6 айга чейин мөөнөттөрү узартылып берилди. Ал эми калган 1 миллиард боюнча бир, эки жуманын ичинде бүт арыздарды карап, ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Азыркы учурда банк тарабынан насыя берүү токтотулган жок”,- деди Азиз Оморкулов.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: