Menu

ӨКМдин экс-министри Камчыбек Ташиев азыркы ӨКМ министри Замирбек Аскаровдун отставкасын талап кылууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-майда экс-депутат, ӨКМдин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министри  Замирбек Аскаровдун ишмердүүлүгүн сынга алып, ага өз каалоосу менен отставкага кетүүнү сунуштады. Ал мындай талабын Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

Төмөндө Камчыбек Ташиевдин социалдык баракчасына жазган посту өзгөрүүсүз берилет.

Урматтуу ӨКМ министри!

Сиздин кечээги ЖК отурумундагы сүйлөгөн сөзүңүздү угуп, мен мурунку ӨКМ министри катары өтө капа болдум жана министрликтин жумушун аткара албай жатканыңызга өкүндүм. Себеби, сиздин туура чечим кабыл алганыңыз жана жеке өзүңүздүн жаныңызды аябастан тобокелге салып жасаган аракетиңизден адамдардын өмүрү жана коопсуздугу сакталат.

А сиз айтып жатасыз 06.05. ЖК чакырганынан Лейлекке барбай калдым деп, бул эмне деген гана жоопкерсиздик, кайдыгерлик, себеби Лейлекте сел 01.05. болду, ушул убакыт аралыгында 01.05 тен 06.05. ке чейин Бишкекке 2 жолу келип кетсеңиз болмок. Анан да билбесеңиз айтып коеюн, эгерде мамлекетибиздин кайсыл бир жеринде өзгөчө кырдаал түзүлүп калса жана ошол убакта сизди Президент, Премьер-министр же ЖК чакырып калса, анда аларга барбастан туруп биринчи кезекте жабыр тарткан элге барууга милдеттүүсүз. Өзгөчө кырдаал болгон жерден туруп Президентке жана ПМ ге түзүлгөн абал жөнүндө кыскача маалымат берип, жеринде чара көрүүлөрдү уюштурууга милдеттүүсүз.Бардык түзүлгөн абалга орун басарыңыз эмес, министр түз жоопкерчиликти өз моюунуна алышы керек.

Бир окуяга кайрылып кетейин. 2008 жылы 06.10. Алай районунун Нура айылында күчү 6,8 баллга жеткен жер титиреди, түнкү саат 2 лерде маалыматты алдык, бирок кыйроолордун мынчалык чон масштабда экенин биле элекбиз. Эрте менен саат 7-30 да 20 куткаруучуну салып алып мен вертолёт менен учуп кеттим. Нура айылына жеткенимде Президент байланышка чыкты, менде спутник байланышуу аппаратым жанымда эле, анан эле уруша баштады, “тез жөнөгүлө, жардамды уюштургула деп”, а мен айттым “мен ушул жердемин, жумушту баштадык деп”, Президент дагын урушту “сен каякта жүрөсүң, мен Нура жөнүндө айтып жатам деп”, а мен дагын айттым “урматтуу Президент мен Нурадамын десем” өтө таң калды “сен кантип барып калдың деп”, анан ошондо Президент айтты эмне кылыш керек деп, мен айттым менде бир эле вертолетум бар, а бул жерде жарадар болгон тирүү 200гө жакын адамдар бар экен ошолорду Ошко ташыш керек мага аскердик вертолетторду колдонууга уруксат бериңиз десем, канча саатта вертолёт жетет экен деди, мен айттым 2–2,5 саата десем, Президент айтты 3 саатан кийин тосуп ал жана колдон келген бардык нерселерди аябастан адамдарга камкордукту көргүн деп тапшырма берди. Ал убакта Ош-Иркештам жолу бүтө элек болчу жана эгерде жарадар адамдарды машина менен 11-12 саатта Ошко ташысак көпчүлүгүн жоготуп алмакпыз. 3 сааттан кийин аскердик 3 учак келди, ошондо ӨКМ министрлигинин вертолету 3 рейс, ал эми аскердик учактар 2 ден рейс жасашты жана бардык жарадар болгон адамдарды Ошко больницага жеткирдик, ошондо да бир 15 жашар кызыбыз больницада көз жумду, убакыттан утулуп, үлгүрбйй калдым…

Урматтуу министр! Мен буларды эмнеге айттым??? Себеби, ӨКМ бул өтө жооптуу, кооптуу жана жабыркаган адамдар үмүт менен күткөн, өмур менен өлүмдүн, кайгы менен үмүттүн отун жандыра турган мамлекеттик кызмат!

Эгерде ушул милдеттерди түшүнсөңүз, кечееги Лейлек, Базар Коргон, Ноокен, Аксы райондорундагы жабыркаган элге жеке министр катары барып элдин көңүлүн, духун көтөрүп, элге жардам бере албай калганыңыз үчүн жоопкерчиликке тартылышыңыз керек жана ыктыярдуу отставкага кетиңиз, ошондо адам катары өз абийриңизди сактап каласыз!

Ал бул окуя кийинки келе турган министрге сабак болуш керек!

Кайран мамлекеттик бийлик, кайран эл…

ӨКМдин мурдагы министри, генерал-майор К.Ташиев. 07.05.2020.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: