Menu

Миллиардер Дмитрий Босов өз өмүрүн кыйды: ал Россиянын эң бай адамдарынын тизмесинде 86-орунда турган

Бөлүшүү:

Россиянын эң бай адамдарынын тизмесинде 86-орунда турган “Аллтек” тобунун негиздөөчүсү бизнесмен жана миллиардер Дмитрий Босов өз өмүрүн кыйган. Бул окуя 6-майга караган түнү Москва облусунун Усово айылындагы Босовго таандык үйдө болгон, деп билдирет РБК ишкердин эки таанышынын маалыматына таянып. Миллиардердин өлүмүн ТАСС жана “Интерфакс” булактары дагы тастыкташты. Маалыматка карганда Босов 52 жашта болчу.

РФ Тергөө комитетинин Москва облусу боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын өкүлү Ольга Врадийдин айтымында, 6-майда Усовдун туугандары анын үйүндө башына ок тийип каза болгон жансыз денесин табышкан. Ошондой эле анын жанында тапанча жаткан.

Бизнесмендин өкүлдөрү азырынча расмий түшүндүрмө бере элек.

“Forbes” журналынын эсеби боюнча, анын 2020-жылдагы каржылык абалы 1,1 миллиард долларга бааланган. Анын негизиги активдери – дүйнөдөгү антрацит өндүрүү жана экспорттоо боюнча лидери болгон “Сибантрацит” группасы, Россиянын ири металлургиялык көмүр өндүрүүчүсү болгон “Востокуголь” компаниясы. Компания ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путиндин демилгеси менен түзүлгөн Россиянын Дүйнөлүк хоккей лигасын каржылайт.

Ишкердин өзүн-өзү өлтүрүүсүнө эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Бирок “Forbes” журналы Босов Американын кара куурай (марихуана) базарына чоң инвестиция салганы, бирок АКШда күтүүсүз көйгөйлөргө туш болгонун айтып берди. Бизнесмендин өзүнүн компаниясынын экс-кызматкери, АКШнын атайын күчтөрүнүн ардагери Фрэнсис Рачоппи тарабынан ака каршы сот аркылуу коюлган дооматы көйгөй жараткан. Ал Босовду эмгек мыйзамдарын бузду деп айыптап, андан 1 миллион доллар талап кылган, ал эми ишкердин өкүлдөрү сотто айтылган фактылар жалган экендигин айтышкан.

Кыргызчалаган: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: