Menu

Фото – Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин Минсктеги эстелигине салтанаттуу гүл чамбар коюлду

Бөлүшүү:

Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата 1944-жылы немис-фашисттик баскынчылардан Белорус жергесин бошотуу учурунда баатырдык менен каза болгон, кыргыз элинин уулу, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин Минсктеги эстелигине салтанаттуу гүл чамбар коюу аземи болуп өттү.

Аталган салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Ибраимов, Белорус Республикасынын Маалымат министри Александр Карлюкевич, Минск шаарынын Октябрь районунун башчысынын орун басары Александр Мацевич ж.б. катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Элчи Э.Ибраимов жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына, тактап айтканда «БЕЛТА» жана «СТВ» телканалдарына интервью берип жатып, «бир жолу бул эстеликтин жанынан өтүп бара жатып, жергиликтүү коммуналдык кызматтар жана жанында жашаган адамдар бул эстеликти урматтап карап, тазалап тургандыгына күбө болгондугун» кубануу менен айтып, бул эстеликти сактап, барктап жүргөн белорус элине ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен катар, Кыргызстан дагы Улуу Ата Мекендик согуштун эстеликтерин сактап, ветерандарды барктай тургандыгын айтып, 9-май биз үчүн дагы ыйык майрам экендигин айтып өттү.

   

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: