Menu

Ысык-Көл облусунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 20 коляска берилди

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга коляскалар берилди. Бул тууралуу журналисттерге кечээ, 7-майда жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалыматка караганда, Түп районундагы Токтоян айылынын тургуну Тыныбек Зундунов коляскаларды сатып алуунун демилгечиси болгон. Ошондой эле демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ал ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 20 коляска сатып алган.

“Биз Тыныбекке анын демилгеси үчүн ыраазыбыз. Менин коляскам эскирип калган. Азыр мен жаңысын алдым. Алар мага “Жигули” бергендей сезилди”,- деди Чоң-Тогузбай айылынын тургуну, 1-топтогу майыптыгы бар Бактыбек Кудабаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: