Menu

Бишкектеги № 14 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгеринен коронавирус аныкталды

Бөлүшүү:

№ 14 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгеринин коронавируска тапшырган ПЧР анализи оң натыйжасын көрсөттү. Бул маалыматты Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Бактыгүл Исмаилова журналисттерге тастыктаган.

Анын айтымы боюнча, дарыгер пневмония менен ооруканада жаткан. Анда коронавирустун клиникалык белгилери бар болгон. Күн мурун ПЧР анализинин жыйынтыгы оң натыйжасын көрсөткөн. Буга чейин ал дарыгердин жолдошунан дагы вирус табылган.

“Медицина борборунун кызматкерлери кайрадан ПЧР-тест тапшырышат. Учурда байланышта болгон адамдар такталууда” – деп билдирген Бактыгүл Исмаилова.

Ал ошондой эле, үй-бүлөлүк медицина борбору штаттык режимде иштеп жатканын жана дезинфекциялоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: