Menu

Видео – Сыймык Жапыкеев, “Чоң казатчы”: “Кыргызстанда Атамбаев менен Акаев деген эки балээ болгон, ушулар баарын өлтүрүп кетти”

Бөлүшүү:

“Кыргыз эли биз маңкурт эл эмеспиз, бизди мобу саясатчылар маңкурт кылды. Мен баарын айтып берейин, силер мени алкаш, наркоман, бизди калмак дебей тургулачы, баарыбыз бир точкага уралычы… Бизди шордуу эл кылып коюшту, СССР кулаганда эле Акаев келди, ушул Акаев эчтеке, бир бок билбеген академик, физик келди дагы, ушул Жумалиев, Муралиев дегендер Акаевдин “завсклады” болду да. Бүт баарын сатышты, Акаев Кыргызстанда ушундай бир коррупциялык схема түзүп кетти. Акаев Кыргызстандын Конституциясын 5 жолу зордуктады…”, – деп билдирди кечээ, 7-майда “Чоң казат” кыймылынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев.

“Азыр коррупция боюнча гана иштейли, Жумалиевдин түбүнө жетели. Жумалиев, Муралиев, Сарпашев, менин баракчамда сүрөтү тургандар… Сарпашев Жумалиевден эч бир калышпаган киши – Майрам Акаеванын досу Тойчубек (Жолчубек) Касымовдун күйөө баласы. Министр болгондо паспортто кыргыз деген графаны алып салышты. Сатканга жеңил экен. Миңдеген паспорттор сатылып кетти… Булардын баарынын жүздөн-жүздөн үйү бар, миллиардерлер. Сарпашев миллиардер, Шадиев миллиардер, Муралиев миллиардер, ушулардын баарын талкалайлы достор. “Сен эмне эле Раимди айтпайсың?” дейсиңер, Раим тууралу Али Токтакунов, Азаттык, Клооп айтып жатышат, мен аларчалык билбейм… Раимди токтоткула достор, мен Раимдин, Бакиевдин, Келдибековдун кишиси эмесмин… Менин артымда “Чоң казат” турат… Раатбек Санатбаев коррупциянын айынан өлдү. 2005-жылы революциядан кийин Бермет Акаева бир жумадан кийин учуп келип, 1 миллиард байлыгын Раатбекке жаздырып койгон. Акцияларын, кыймылсыз мүлктөрүн жаздырып салган: “Сен Кыргызстандын сүймөнчүгүсүң сага эч ким тийбейт” деп. Анан мафиялар байлыкты талашып өлтүрүп салышкан… Акаевдердин коррупциясынан Раатбек өлүп жатат… Өкмөт башчы Мухаммед ава кетсеңиз, бул жактан техникалык өкмөт келет. Сооронбай Шарипович, техникалык өкмөт катары 10 бала келсе баарын оңдоп коёт, 56 министрлик, агенттик, комитет, мекемелердин, жогорку кеңештин кереги жок. 10 бала 3 айда татынакай кылып оңдоп коёт. Прокуратураны мага ишенсеңер, ар 3 айда 1 миллиард доллардан накталай таап берип турам… Сот-поту жок эле, барып, текшерип туруп, комиссия түзбөй эле, бир 50 олигарх камалмак да… Шадиев акмаксын, 2 млрд доллар уурдап алып, Кыргызстандан качып кетти. Ушу Шадиевди каргагыла! Адамкул Жунусов деген бар, Раимди Раим кылган ошол Адамкул Жунусов, ал эми Адамкул Жунусовду Адамкул кылган бул Атамбаев болгон. Кыргызстанда Атамбаев менен Акаев деген эки балээ болгон, бирөөсү Атамбаев, бирөөсү Акаев! Атамбаев ушунун баарын өлтүргөн! Водителине, телохранителдерине өлкөнү 7 жыл башкарткан. Атамбаев баарын өлтүргөн… “, – деди Сыймык Жапыкеев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: