Menu

Аида Исмаилова медициналык кызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттардын камы тууралуу айтып берди

Бөлүшүү:

Медициналык кызматкерлер өз убагында жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, өлкөдө жеке коргонуу каражаттары жетиштүү көлөмдө бар.
7-майга карата жеке коргонуу каражаттарынын көлөмү:

– Бир жолку коргоочу костюмдар – 52 886,

– Көп жолку коргоочу костюмдар – 19 524,

– Респираторлор – 98 405,

– Беткаптар – 1 406 924 даана бар.

“Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга 188 миллион сом саламаттыкты сактоо мекемелерине бөлүнүп берилген. Мындан тышкары, эпидфонд эсебинен каражат каралып, жеке коргонуучу каражаттар сатылып алынып жатат. Кошумча дагы 40 миң жеке коргонуу каражат сатылып алынды” – деп билдирди Аида Исмаилова.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: