Menu

Бүгүнтөн тарта Москвада “Мекендештерди колдоо” штабы ишке кирди, бул ишти депутат Жанар Акаев колдоп, 70 миң сом которду

Бөлүшүү:

Москвада “Мекендештерди колдоо” штабы ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда ЖКнын депутаты Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымы боюнча, “Жаңылан” уюму Москвада атайын штаб ачышкан. Алар биринчи кезекте оорулууларга дары, кош бойлуу, кары-картаңдарга азык-түлүктөн жардам көрсөтүшөт.

“Москванын мэри чектөөнү дагы узартты. Мурда бөтөн элде кара жанын карч уруп иштеген биздин мекендештер үй-бүлөсүнө, Кыргызстанга акча которушчу. Азыр эми алар өздөрү жумушсуз отурушат. Аларга бизден колдоо керек болуп турган учур. Москвадагы биздин дилгир, мекенге күйгөн жаштар биригип абдан пайдалуу ишти башташты. Бүгүнтөн тарта Москвадагы мекендештерди коргоо штабы ишке кирди. Мен ушул ишти биринчилерден болуп колдоп, өз айлык маянамды чогултуп, 70 миң сомду “Мекендештерди колдоо” штабы котордум. Эми патриот уулдарыбыз улап кетет деп үмүт кылам.” – дейт депутат.

Штабдын телефону: 8-800-200-10-9-8.

https://www.instagram.com/p/B_62tC5g9ow/

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

27 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: