Menu

Видео – Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Бөлүшүү:

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу КР мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

Алардын айтымында, түн тынч өтүп, окуя болгон жерге тартылган тараптардын кошумча күчтөрү туруктуу жайгашкан жайларына кайтарылган.

КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы полковник Уларбек Шаршеев окуя болгон жерге Баткен облусунан жөнөп кетти.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 8-майда Баткен облусунун Чек районунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарынын тургундарынын ортосунда Чек аймагындагы 50 сотых жер тилкесин пайдаланууга байланыштуу жаңжал чыккан. Аталган жер тилкеси такталбаган аймакка кирет, бирок иш жүзүндө кыргыз тарап тарабынан колдонулуп келген.

Кыргызстандын 30-40га чукул жарандары жана Тажикстандын 30-40 жакын жарандары бири-бирине таш ыргыта башташты. Окуя учурунда мергенчилик куралынан ок атылган. Жаңжалдын күчөп кетишине жол бербөө максатында, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары абага бир нече жолу эскертүү иретинде ок атышкан.

Эки тараптын элине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок, Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы күтүүсүздөн кыргыз чек арачылары тарапка миномёт аткан. Атышуу учурунда КР Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын үч кызматкери жаракат алышкан. Бир жергиликтүү тургун ооруканага түшкөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: