Бүгүн, 9 –май Улуу жеңиш күнүнүн 75 жылдыгын майрамдоодо Кыргызстан боюнча “Жеңиш күнү” ыры жаңырат! Бул тууралу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.
Бардык кыргызстандыктарды бизге Жеңиш күнүн тартуулаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин баатырлыгынын урматына 2020 –жылдын 9- май күнү саат 12:00дө терезелерди жана балкондорду ачып, “Жеңиш күнү” ырын жаңыртып, аны бирге ырдоого кайрылабыз.
Бул күнү алыскы айылдардан тартып Кыргызстандын борбор калаасына чейин “Жеңиш күнү” ыры менен бирге согуш мезгилиндеги майдан ырлары жаңырсын!
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ