Menu

Москвада курулуш аянтында иштеп жатып жаракат алган кыргыз жараны каза болду

Бөлүшүү:

Москвада курулуш аянтында иштеп жатып жаракат алган бир кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда журналисттерге укук коргоочу Камил Рузиев билдирди.

Анын айтымында, каза болгон жаран башынан жаракат алып бир нече күн Боткин ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө, комада жаткан.

“Маркумдун энеси аны өлтүрүп салышты деп эсептейт. Аялдын айтымында, дарыгер ага чалып, милиция кызматкерлери анын баласын сабап салышкан болушу мүмкүн деп айткан. Мен маркумдун сөөгүн өз мекенине жеткирүүгө жардам берүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын президентине жана Россиядагы элчисине кайрылдым”,- деди Камил Рузиев.

Буга чейин Москвада курулушта иштеп жүргөн бир кыргыз жараны жумуш учурунда жаракат алгандыгы кабарланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: