Menu

Сол-Илецктен келишкен мекендештердин ичинен 55 адамдан коронавирус табылды

Бөлүшүү:

Соль-Илецктен (Россиянын Оренбург облусу) келген 55 кыргызстандыктан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Соль-Илецк шаарынан келген 542 адам обсервацияда жатат.

“Соль-Илецк шаарынан келгендер Бишкекке автобус менен жол жүрүп, 4 күндө келишкен. Алар жолдо келе жатышканда аябай жакын байланышта болушкан. Бир эки адам коронавирус жуктуруп алган. Алар менен чоогу келе жаткандарга дагы жугуп, натыйжада 55 адамдан вирус табылды. Коронавирус илдетин жуктургандардын ичинен 15и аял киши, 40 эркек адам. Ошондуктан бизде дагы көп адамдардын чогулуп, иш чара өткөргөнү дагы кооптуу. Буга дагы далил катары айтсам, Чаткалда болгон өлүк узатууга көп санда адам барып ошол жерде дагы көпчүлүк адамдан коронавирус илдети табылды”, – деди Үсөнбаев.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: