Menu

Москвада коронавирус менен ооруган Сонунбү кыздын кыргыздарга кайрылуусу

Бөлүшүү:

Иллюстративдүү сүрөт

Россиядагы кыргыз диаспорасынын “портал “KGinfo.ru” уотсап группасы аркылуу, Москвада коронавирус жуктуруп алып, ооруканада жатып, айыгып чыккан эмгек мигранты Сонунбү аттуу кыз биздин мекендештерге кайрылган:

“Абдан туура айтылган сөз. Кыргызстанды сактап калыш үчүн эч кимди өлкөгө киргизбеш керек. Оору азыркы учурда Москвада өтө күчөп турган учур. “Скорыйлар” жетишпей жатат. Мен өзүм көрүп, өзүм даарыланып чыктым. Россияга өтө ыраазы болушубуз керек. Мигрантсын деп бөлмөй жок, бекер даарылап, тамактандырып жатат. Врачтар түнү-күнү оорулар менен алышып жүрүшөт. 2 айдан бери үйлөрүнө бара элек врачтар бар экен.

Коронавирус менен ооруганда тамак жегиң келбейт экен. Жебей койсок тамак таркаткан орус аял ыйлап, бизди урушту: “эмнеге жебейсиңер, силер жакшы болбосоңор биз ушул кийимдин ичинде жүрө беребизби дем албай, балдарыбызды көрө албай”, деп аябай жаман болду. Коронавирус толук жакшы болмойунча Кыргызстанга бир да жаран киргизбесине мен да кошулам. Элиме ыйман, ынсап берсин”, – деп жазган Сонунбү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: