Menu

Кундуз Ажибекова, журналист: “Таластагы карантиндик постто тургандар акча талап кылышып, 1300 сом берип араң өттүк”

Бөлүшүү:

Акча алган карантиндик посттун кызматкеринин сүрөтү

Таластан чыгар, бирок кайра Таласка киргизбе.
Негизи, Таласка киргизгенде пропискамды текшерип,( пропискам Таласта) анализ алып, эч кандай ызы чуусу жок эле киргизишкен.
Кайра, 11-майда жумушка чыгышым керек болгондуктан кетүүгө туура келди.
Бирок, посттко келгенде, айыл өкмөт тарабынан берилген справка жарабай тургандыгын айтышып, өткөрбөгөнгө аракеттенип, акча талап кылышты. Айла жок.
Бирок, менде ашык 1000 сом эле бар болчу, жанымдагыларда да акча жок экен, алар берген 300 сомду кошуп, чогултуп бердик.
Өзүм күбө болдум, Таластыктарды го мейли, бирок, пропискасы Бишкектегилерди да акчанын күчү менен өткөрүп жатышат.
Минтип акча менен киргизип, чыгарып жатса, эртең Таластан да вирус чыгышы мүмкүн да (Кудай сактасын!). Биз турганда 1-2 степ өттү, текшеришкен жок.
Ошол жерде жаш эле бала ызылдап жаткан «таксисттер менен булардын ставкасы бар да, явно ушул такси» деп. Балким ошондой чыгаар.
Бир күндө канча деген адам өтөт?! Өз чөнтөктөрүн ойлогон кызматкерлердин жумушунан кетишин талап кылам.
Таластык туугандар, мени сөгүп же дагы бир нерсе деп жазышыңар мүмкүн. Бирок, мындай нерсе кайталана берсе, Таластан дагы COVID-19 чыгаарына күмөнүм бар.
Балким бул посттон кийин акча алып Таласка киргизгенин токтотушат? Губернатор аракет кылып, болгон күчүн жумшап жатса. Постто тургандардын кылган кылыгына эмне дейбиз?

P.S. акча ушул сүрөттөгү адамга берилди.

Кундуз Ажибекова, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: