Menu

ӨКМ өзүнүн мурунку министри Камчыбек Ташиевге каяша кайтарды: өзү министр болуп турганда Райкомолдо жер көчкү болуп 16 киши каза болгондо эмнеге отставкага кетпеди эле?

Бөлүшүү:

Нурадагы жер титирөөдөн 70 тен ашуун жараныбыз каза болсо, Бишкекте учак күйүп, жарандарыбыз кан жутуп боздоп, Кыргызстандагы эң оор адамдык жоготууларга дуушар болгон табигый, техногендик мүнөздөгү кырсыктарды быйыл, 2-май күнү Лейлек районунда болгон сел менен салыштырып, аны Камчыбек Кыдыршаевич мактануу катары мисал келтиргени туура эмес деп эсептейбиз.

Бир айыл бүтүндөй жер алдында калып, 80 ге жакын адам каза болгон жерге барганын айтып, өзүнөн кийинки иштеп жаткан министрлерге ар бир кырсык болгон жерге баргыла, болбосо, кызматыңардан кеткиле, дегени туура эмес. Камчыбек Кыдыршаевич мырза учурда өз милдетин жогорку деңгээлде аткарып жаткан министрдин отставкага кетүүсүн талап кылаардан мурда тарыхка бир кылчайып койсо болмок. Анда, Райкомол айылында жер көчкүдөн 16 адам каза болгондо, министрликтин алдындагы мониторинг департаментинин директорун иштен алганы маалым.

Министрлердин ишине кырсык болгон жерге көп барганына эмес, алдын алуу жумуштарын жүргүзүп, адам өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайткандыгына карап баа бериле тургандыгын Камчыбек Кыдыршаевич жакшы билет. Эгер 2000-жылдан бери кайсы министрдин тушунда канча сел, жер көчкү, кар көчкү кырсыктары катталаганы, канча адам каза болгону статистика бар, ким кызыкдар болсо маалымат алса болот.

Замирбек Аскаровдун иш билгилигинин, кырсыктардын алдын алуу жумуштарын ырааттуу жүргүзгөндүгүнүн натыйжасында катталган өрттөрдүн саны 22,4 пайызга кыскарып, тилсиз жоо менен алпурушууда 17 адамдын өмүрү куткарылды. Өлкөдөгү кырдаалга карабастан, министрликтин негизги милдети болгон табигый кырсыктарды алдын алуу иштери үзгүлтүккө учурашына жол берген жок. Мерчемделген объектилерден арасынан анализ жүргүзүлүп, кечиктирилгис жумуш аткарылыш зарылчылыгы бар участоктордо иш жүрүүсүн тапшырма берген. Бүгүнкү күндө 80 объектиде жумуш жүрүп, 62 объект пайдаланууга берилди. Муну менен 4000ге жакын турак жайлар жана айыл чарба жерлери, социалдык объектилер сел жана суу ташкынынан корголду.

Ал эми Лейлектеги селдин кесепетине 24 турак жайдын ичине, 92 турак жайдын короолорун сел суулары каптаган. Эң негизгиси каза болгондор жана жабыркагандар жок, турак жайлар, социалдык объектилер сел калдыктарынан кыска мөөнөттө тазаланды. Чукул кырдаал катталган учурда, министр Ош шаарындагы орун басарын тез арада жерине барып, селдин кесепетин жоюу иштерин координациялоо үчүн жөнөттү. Учурда министр Замирбек Аскаров Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел болгон аймактарды жана сел, жер көчкү жүрүп кетүүчү аймактарды жеринен көрүп, кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюуу иштерин уюштуруп жүрөт.

Министрдин милдети – кырсыкты алдын алуу жана кесепеттерин жоюуу боюнча жумуштарды уюштуруу. Андыктан, кырсыктан пиар жасап жүрө бербей, башка кызматтар, министрликтер, Өкмөт менен сүйлөшүп, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин уюштуруу жабыркаган элге көбүрөөк пайдалуу экендигин кырсыктан жабыркаган элибиз жакшы түшүнөт.

Кырсык болбой эле койсун, элибиз аман-эсен болсун, сабырдуулук каалайм.

КР ӨКМ.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: