Кечээ, 10-майда Санкт-Петербургда экс-президент Курманбек Бакиевдин өкүлдөрү азыр абакта олтурган Алмаз Атамбаев атып өлтүргөн жоокердин туугандары менен жолугушту. Бул тууралу экс-президенттин өкүлү Аскат Тейит билдирди.
“Мен Санкт-Петербургда Курманбек Салиевичтин атынан ооз ачар өткөрүп жүрүп, Атамбаевдин куралынан каза болгон офицердин туугандарынан кабар алдым”, – деп жазат Аскат Тейит.
“Жыл сайын Курманбек Бакиевдин атынан Санкт-Петербургда жана башка шаарларда ресторандарда ооз ачырчу элек, быйыл карантинге байланыштуу ооз ачуучу азык-түлүк таратып жатабыз”, – дейт Аскат Тейит.
Эсиңиздерге сала кетсек, былтыр, 2019-жылдын 7-8 августунда кыргыз мамлекетининин мыйзамдарына баш ийбеген Алмаз Атамбаевдин тарапкерлери анын Кой-Таш айылындагы хансарайында өз милдетин аткарып жаткан офицер Үсөн Ниязбековду өлтүрүшүп, бир нече жоокерди туткунга алышкан.
Эртеси Алмаз Атамбаев каза болгон “офицерди мен өз куралым менен өз колум менен аттым” деп ачык билдирүү жасаган.
Азыр тергөө органдары да абактагы Алмаз Атамбаевге адам өлтүрүү айыбын угузушкан. Офицерге тийген октун экспертизасы да ал ок Атамбаевдин жеке куралынан атылганын далилдеген.
https://www.instagram.com/tv/CAA9L-UpvTP/?utm_source=ig_web_copy_link
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ