Бүгүн, 12-майга карата Кыргызстанда дагы 21 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 10, Чүй облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 3, Нарын облусунда – 7, катталган.
Анын айтымы боюнча, катталган 21 учурдун ичинен, бир учуру Дубайдан, экөөсү Россиядан келгендердин арасынан табылган. Ал эми Нарын облусунда катталган 7 учурдун алтоосу облустук төрөтт үйүндө иштеген кызматкерлердин арасынан табылган. Ошондой “Семетей” обсервациясынан 1 учур аныкталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1037ге жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 147 адам;
– Ош облусунда — 180 адам;
– Ош шаарында — 113 адам;
– Бишкек шаарында— 282 адам;
– Нарын облусунда — 136 адам;
– Чүй облусунда — 87 адам;
– Баткен облусунда — 24 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 12 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ