Анын айтымында, оорунун эң жогорку чеги апрель айынын ортосуна туура келген, 15-апрелден баштап төмөндөө тенденциясы байкалган.
“Бирок, бүгүнкү күндө көп учурлар сырттан келгендердин жана байланышта болгондордун арасынан катталганына байланыштуу, сандар мурагыдай эле деңгээлде кармалып турат” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1037 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган. Алардын ичинен 709у оорудан сакайган, 12 адам оорудан улам каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ