Menu

Экс-премьер-министр Сапар Исаков №8 түзөтүү колониясынан кайра СИЗО-1 мекемесине которулду

Бөлүшүү:

Экс-премьер-министр Сапар Исаков тарых музейи боюнча кылмыш иши Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда жанданганына байланыштуу №8 түзөтүү абагынан СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы маалымдайт.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясына которулган. Бирок алар Сапар Исаковду Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна Тарых музейинин иши каралып жаткан процессте жеткире алышпайт. Ушуга байланыштуу кечээ, 11-майда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Сапар Исаковду Беловодск айылындагы №8 колониясынан Бишкек шаарынын №1 тергөө изоляторуна алып келүү тууралуу токтом кабыл алган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча сот Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыраткан. Ал ошондой эле, тарых музейин реконструкциялоо боюнча иште дагы айыпталуучу катары өтүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: